Бишкекте мыйзамсыз жол менен кармалып келиши мүмкүн делген дагы бир арстандын баласы табылды. Аны 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү саат 12 чамаларында белгисиз жарандар Бишкектеги "Бугу-Эне" коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сейитованын үйүнүн алдына таштап кетишкен.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан SUPER.KG'ге кабарлашкандай, болжолдуу түрдө 4 жарым айлык арстандын баласынын абалы текшерилип, жакшы шартта багылганы жана эч кандай оорусу жок экендиги аныкталды.
"Ага Актилек деген ат берилип "Бугу-Эне" коомдук фондуна өткөрүлүп берилди. Учурда Ысык-Көл облусундагы кароосуз калган жапайы жаныбарларды жана канаттууларды кармаган зоопаркка жиберүү иштери жүрүүдө", - деди инспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева.
Октябрь айынын соңунда да Бишкекте белгисиз бирөөлөр көчөдө ээрчитип жүрүшкөн арстандын баласы табылып, ага Акжолтой деген ат берилип Каракол шаарындагы зоопаркка өткөрүлүп берилген.