Премьер-министр Сапар Исаков 30-ноябрда Орусия Федерациясынын Сочи шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Сочи шаарынын эл аралык аэропортунда өкмөт башчыны Краснодарск крайынын вице-губернатору Василий Швец тосуп алды. ШКУ жыйынында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүүсү пландаштырылууда.
Белгилей кетсек, жыйындар тар жана кеңейтилген чөйрөлөрдө өтөт. ШКУга мүчө мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, ар тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын аткаруу, иш-чаралар планынын ишке ашырылышы талкууланат. Мындан тышкары күн тартибинде 2017-2021-жылдарга уюм алкагында долбоордук ишти мындан ары өнүктүрүү, ШКУ алкагындагы долбоордук иштерди финансылык жактан камсыздоо механизмдери каралган.
Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлушу пландалган.