Фарид Ниязов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Фарид Ниязов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Эске салсак, Фарид Ниязов президенттин кеңешчи кызматына 2017-жылдын июнь айында дайындалып, 23-ноябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен бошотулган.

Президенттик шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан