Түштүк Кореядагы Кыргыз элчиси Кылычбек Султан Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Бүгүн, 1-декабрда Сеул шаарында Кыргыздын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султан Корея Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Ли Вук Хёнго ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу Кыргыздын аталган өлкөдөгү элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында эки тарап Кыргыз жана Корея Республикасынын ортосундагы кызматташууну өркүндөтүү боюнча маселелерди талкуулашты. Ли Вук Хён Кылычбек Султанды жылуу кабыл алып, эки мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн ар тараптуу багыттагы мамилелер тууралуу пикир алышты.

Баарлашуунун жыйынтыгында Ли Вук Хён Кылычбек Султанга Кыргыз өлкөсүнүн Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилик кызматында ийгиликтүү жана жемиштүү иш алып баруусун каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан