SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жигиттерге талап" деген тема кыздар арасында талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Алкоголдук ичимдиктерди ичпеген жигиттерди аябай сыйлайм. Чекпесе андан да жакшы болот. Эмнегедир ичип алган адам менен урушкум келе берет".
"Жигиттерде азыр жалган сүйлөө деген сапат күчөгөн, ошол үчүн сүйүүнүн да кызыгы жок калгандай. Балдарда чечкиндүүлүк, эмгекчилдик жана кыздарды сыйлоо сыяктуу көрүнүштөр көбөйсө жакшы болмок".
"Жигит маймылдан эле айырмасы болсо болду, калганы биздин колдо".
"Эркек деген эркектей эле болгону жакшы го. Ичсин, чексин, жүрсүн, бирок чеги менен. Мен жолдошумдун ар тараптуу болушун каалайм".
"Мага намыстуу, түшүнүктүү, бир туугандары менен аялынын ортосунда адилеттүүлүктү түзө алган, айткан сөзүнө бек турган мырзалар жагат".
"Таза, жөнөкөй, майдачыл эмес, өмүр бою тамеки тартпаган, арак ичпеген, ыйманы күчтүү жигиттер жагат. Менден 10 эсе акылдуу болуп, бирок мени "акылдуум" деп эркелетиши керек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.