Жогорку Кеңеш 6-декабрда биринчи вице-премьер-министр кызматына Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин карайт. Бул маселе парламенттин жыйынынын күн тартибине коюлду.
Маалыматка ылайык, Аскарбек Шадиевдин талапкерлиги менен депутаттарды премьер-министр Сапар Исаков тааныштырат.
Белгилей кетсек, буга чейин Шадиевге вице-премьер-министрлик кызматы сунушталганы боюнча өзү SUPER.KG`ге билдирген. Ал кызматка барууга макул болгонун жана бул маселе 1-декабрдан тартып Конституцияга өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин карала турганын айткан.
Учурда "Бир Бол" фракциясынан депутат Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы.