СУПЕР ТВ: Алгырлыгы боюнча өлкөдө 2-орунда турган бүркүт жөнүндө репортаж

SUPER.KG порталынын "Супер ТВ" бөлүмүнө "Кыргыз өлкөсүнүн эки жолку чемпион бүркүтү адал эт менен азыктанат" аталыштагы видеосюжет жайгаштырылды. Анда Нарын районунун Алыш айылынын тургуну Аман Исмаилов өзүнүн Оймок аттуу бүркүтү жана мүнүшкөрлүк тууралуу баяндап берет.

"Кулалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган" деп "Манас" эпосунда айтылгандай, кыргыз элинин ичинде байыртан мүнүшкөрлүк өнөрдү аркалагандар көп болгон. Биздин мезгилде да бүркүт таптап мүнүшкөрлүк кылган Аман Исмаилов бул иш менен бала кезинен алектенет. Мүнүшкөр таптаган Оймок аттуу бүркүт өлкөдө өткөн республикалык бүркүттөр арасындагы мелдеште эки жолу жеңүүчү аталган. Андан тышкары Оймок II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, байгелүү орундарга илинген. Куш таптоодо кандай ыкмаларды колдонуп, ага кандай камкордук көрүш керек экендиги тууралуу суроолорго репортаждан жооп ала аласыз.

Видеоматериалды көрүү үчүн бул шилтеме аркылуу "Супер ТВ" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан