Кечээ, 1-декабрда премьер-министр Сапар Исаков Орусиянын Сочи шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйындын алдында Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен кол алышуу жана ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын биргелешип сүрөткө түшүү аземи орун алды.
Андан соң тар курамдагы жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө мындан ары уюмду өнүктүрүү, ШКУнун алкагындагы өлкөлөрдүн өз ара экономикалык аракеттенүүсү жана коопсуздук маселелери талкууланды.
Сапар Исаков Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян, Афганистандын аткаруучу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла жана Пакистандын премьер-министри Шахид Хакан Аббаси менен эки тараптуу жолукту.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кеңейтилген жыйыны өтүп, бир катар документтерге кол коюлду.