Жаңы жыл майрамына карата эс алуу күндөрүн жылдыруу тууралуу долбоор сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлик сунуштаган долбоор боюнча 2-3-январдагы жумуш күндөрү 30-декабрга жана 8-январга которулат. 31-декабрь жекшембиге, 1-январь дүйшөмбүгө туура келет. Бул сунуш беш күндүк тартипте иштеген мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерине тиешелүү. Ошондо эс алуу күндөрү 31-декабрь, 1-2-3-январь болот. 4-январдан тартып иш күнү башталат. Жеке менчик ишканалары бар юридикалык жактар үчүн бул сунуш катары берилет.