Сапар Исаков: "Темир жолду тез арада курууга тараптардын позициялары дал келгендиги кубандырат"

Бүгүн, 1-декабрда премьер-министр Сапар Исаков Сочи шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу алкагында Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, жолугушууда “Кытай-Кыргыз-Өзбек” темир жолун куруу долбоору боюнча маселе каралды. Тараптар долбоорду ишке ашыруу үчүн бекем саясий эрк бардыгын белгилешти. Анда алар долбоордун техникалык жана экономикалык аспектилерин үч тараптуу жумушчу топ деңгээлинде иштеп чыгууну макулдашты.

“Тараптардын темир жолду тез арада курууга тийиштүү позициялары дал келгендиги кубандырат. Сиздерге белгилүү болгондой, өзбек тарап дагы аталган долбоордун ишке ашырылышын колдоого алат. Ошондой эле ага катышууга жана өз аймагы боюнча эркин транзитке кепилдик берүүгө даяр”, - деди Сапар Исаков.

Ли Кэцян белгилегендей, Кытай жана Кыргыз мамлекети тең укуктуу өнөк жана жакын коңшулардан болуп саналат. Ал Кытай “Кытай-Кыргыз-Өзбек” темир жолун курууга кызыкдар экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан