Нурлан Сарчаев Чүй ОИИББинин башчысы болуп дайындалды

Нурлан Сарчаев Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй ОИИББинин кызматкерлерине жаңы башчыны ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров тааныштырды.

Эске салсак, мурда бул кызматты Канат Жумагазиев аркалап келген. Ал 24-ноябрда Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган. Сарчаев буга чейин Нарын ОИИБинин башчысы болуп эмгектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан