Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын жыйыны өтөт

Бишкек шаарында 8-декабрда түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага ассамблеяга мүчө өлкөлөрдүн парламент төрагалары жана байкоочу катары Венгрия парламентинин вице-спикери катышат. Андан тышкары түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын тарыхында биринчи жолу ардактуу конок катары Өзбекстан Жогорку жыйынындагы мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басары баштаган делегациясы да келери күтүлүүдө. Ошондой эле Түркмөнстандын парламенттик делегациясы да ардактуу конок катары чакырылган.

Аталган иш-чаранын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун Азербайжан, Казакстан, Түркия, Венгрия жана Өзбекстандын делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү пландалган. Жыйында ассамблеянын келечектеги ишмердүүлүгүнө жана парламенттер аралык кызматташтыкты арттырууга багытталган маселелер талкууланып, биргелешкен декларация кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан