Британиянын 27 жаштагы Лорен Ноулз аттуу жашоочусу ден соолугуна байланыштуу коркунучтуу окуяны башынан өткөргөн. Чет элдик басылмаларда маалымдалгандай, ал өзүндө пайда болгон онкологиялык ооруну кош бойлуулук деп ойлоп жүргөн.
Лорендин жалпыга маалымдоо каражаттарына берген билдирүүсүнө караганда, анын организминдеги өзгөрүүлөрү кош бойлуулуктун белгилерине окшош болгон. Кийинчерээк ал УЗИден текшерилип, ага дарыгерлер такыр башкача жаңылыкты угузушкан. УЗИ анын жатынында бала эмес рак шишиги чоңоюп жатканын аныктаган. Дарыгерлер келинге операция жасашып, химиялык дарылоо жүргүзүшкөн. Бирок андагы шишик кайра эле өтө тездик менен чоңоюп кеткен. Бул учурда ал кадимки кош бойлуу аялдардай көрүнгөн.
"Мен ооруканада дарыланып жаткам. Бир убакта дааратканага бардым. Ошол жерден мен кадимкидей рак шишигин "төрөдүм". Ошол учурда мен жан сыздаткан катуу ооруну баштан кечирдим. Бирок негизгиси шишик менин денемден чыгып кеткенине сүйүнгөм", - деген бейтап.
Ал эми дарыгерлер мындай окуядан кийин анын бала төрөшү өтө күмөндүү экенин айтышкан. Ошондой эле көпчүлүгү Лорендин өзүнүн амандыгына сүйүнүшкөн. Бирок арадан 1 жылдан ашык убакыт өтүп, Лорен наристе жытын искеген. Ал кыз төрөгөн.