Бүгүн, 2-декабрда саат ондон баштап Бишкек шаардык ботаникалык бакчасында "Менин саламаттыгым - менин укугум" деп аталган акция өтөт. Акция катышуучулардын 3-6 чакырымга чуркоосу менен коштолот. Жеңүүчүлөргө жана күйөрмандарга байгелер берилет.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, ага каалоочулардын баары катышса болот.
Акция 1-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулууда. Акциянын алкагында каалоочулар анонимдүү түрдө ВИЧке экспресс-тест тапшырса болот. Иш-чаранын уюштуруучулары тургундарды спортко үндөөнү жана СПИД жөнүндө маалыматты жайылтууну максат кылган.