Бишкек, Ош шаарлары жана Ош облусундагы "Тез жардам" кызматтары үчүн 15 жаңы унаа алып келинди. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Унаалардын ичи керектүү медициналык жабдыктар менен толук камсыздалган. Алардын жалпы баасы 1 миллион 180 миң еврого бааланган. "Тез жардам" унаалары Германия жана Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы "Кыргыз өлкөсүндө медициналык ыкчам кызматты бекемдөө жана улуттук "Тез жардам" кызматын түзүү" долбоорун ишке ашыруунун алкагында алынган. Учурда унаалар Бажы кызматы тарабынан документтерди ырастоо үчүн автобазада кармалууда.
"Буга чейин 2009-жылы да дал ушул долбоордун алкагында 9 унаа алып келинген. Бул ирет Германия өнүктүрүү банкы дагы бир жолу кызматташуунун алкагында "Тез жардам" унааларын алып келүүгө көмөктөштү", - деп жазылат маалыматта.