Уланбек Аалиев Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Нарын ОИИБинин кызматкерлерине жаңы башчыны ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев тааныштырды.
Аалиев 1974-жылы Нарын облусунда туулган. Ал милициянын полковниги. 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин бүтүргөн. Эмгек жолун 1997-жылы баштаган.
- Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин аймактык инспектору;
- Свердлов РИИБинин кылмыш издөө бөлүмүнүн ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери;
- Жайыл РИИБинин кылмыш издөө бөлүмүнүн башчысы;
- Жайыл РИИБинин жетекчисинин орун басары;
- Чүй ОИИББинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы бөлүмүнүн жетекчиси;
- ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы бөлүмүнүн жетекчиси;
- Ош ШИИБинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы бөлүмүнүн жетекчиси;
- Чүй ОИИББинин башчысынын орун басары.
Аалиев мамлекет тарабынан "Даңк" медалы менен сыйланган.
Айта кетсек, буга чейин аталган башкармалыкты Нурлан Сарчаев жетектеген. Сарчаев кечээ, 1-декабрда Чүй ОИИББинин башчысы болуп дайындалган.