Ысык-Көл
облусунун Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Жети-Өгүз ИИБинин кызматкерлери тарабынан баңгизатын мыйзамсыз сактаганы үчүн бир нече жолу колго түшкөн
жаран кармалды. Бул туурасындагы
маалыматты Ысык-Көл облусунун ИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жети-Өгүз районунун Ырдык айылында 18-ноябрь күнү ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери Каракол шаарынын тургунун, Кылмыш кодексинин баңгизатын мыйзамсыз сактоо жана жүгүртүү беренеси боюнча мурда соттолгон 64 жаштагы Г.Я. аттуу
жаранды кармашкан. Текшерүү учурунда
кармалган жарандан 4 килограмм 150 грамм марихуана табылган. Баңгизатын мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүүдө.