Вице-премьер жана дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү дары-дармектерди көзөмөлдөө боюнча талкуулашты

Кечээ, 1-декабрда вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жана дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү дары-дармектерди көзөмөлдөө боюнча талкуулашты. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр аталган уюмдун тажрыйбасы жана сунуштамасы Кыргыз мамлекети үчүн маанилүү экенин айтты.

“Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин сунушу боюнча уюмдун сунуштамаларын талкуулоого даярдыгыбызды билдирдик. Бизди башка өлкөлөрдөгү бул багытты жөнгө салуучулардын иши кызыктырат”, - деди Султанбекова.

Уюмдун өкүлү Ханна Бак Педерсен: “Биздин милдет – өлкө чакандыгын эске алуу менен жөнгө салуунун оптималдуу моделин табуу. Сапаттуу дары-дармекти жана медициналык жабдууларды алуу максатында бааны аныктоого көңүл буруу маанилүү. Көзөмөлдөө функциялар мыйзамдын сакталышы үчүн зарыл”, - деди ал.

Жолугушуунун соңунда Чолпон Султанбекова дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан