Бишкек шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде Кыргыздын стилисттери өздөрүнүн эмгектерин көрсөттү. Анда стилисттер моделдердин адаттан тышкары жасалган ар түрдүү чач жасалгаларын тартуулашты.
Ар кайсы моделдик агенттиктерден чакырылган моделдердин саны 50гө жетти. Алар бул иш-чарага көптөн бери даярдык көргөн. Стилисттердин эмгектери көрүүчүлөрдү таң калтырды. Түрдүү чач жасалгалардын арасынан күйүп-жанган оттой кооздолгон, ачылып турган гүлдү элестеткен чач жасалгаларын көрүүгө болот.
Көргөзмөнүн уюштуруучусу Замира Молдошева: "Бул көргөзмө менен биз эмнени үйрөнүп, кандай деңгээлге жеткенибизди көрсөткүбүз келди. Иш-чарага 50дөй модель катышты, алар ар түрдүү чач жасалгаларды жана денеге сүрөт тартуунун жаңы көркөм өнөрүн көргөзүштү. Моделдерди жалпы 22 стилист-дизайнер кооздоп, элге өнөрлөрүн тартуулады", - дейт.
2 жылдан ашуун убакыттан бери моделдик чөйрөдө жүргөн Адинай Центрбек кызы бул иш-чарага катышуу үчүн татаал тандап алуудан өткөнүн айтты.
"Иш-чарага катышуу үчүн биз кастингден өттүк, ар бир стилист өзүнүн жасай турган ишине ылайык моделдерди тандады. Менин чачымды жасаш үчүн стилист 1 сааттан ашуун убакытты коротту. Бул мен үчүн кызыктуу, ошол эле учурда оор да болду. Бирок кыйынчылыктар жагымдуу туюм тартуулады. Анткени мындай жасалга менен бул көргөзмөгө катышуу мен үчүн сыймык".