Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Нурлан Мотуев жабык абакка которулду. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Буга чейин Нурлан Мотуев жатак абагында кармалып келген. Ал жакка кечинде гана келип түнөп, күндүз өзүнүн жумуштары менен күзөтчүсүз сыртка чыкканга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок кылмыш жоопкерчилигинен качкандыгы үчүн Биринчи Май райондук соту тарабынан жаза аткаруу мөөнөтүнүн бир жылын жабык абакта өтөө үчүн жатак абагынан которулду. Жабык абакта жазасын өтөп жатканына бир жума болуп калды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин Нурлан Мотуев кылмыш жоопкерчилигинен качкандыгы үчүн материалдар кайрадан тергөөгө өткөрүлүп берилгенин буга чейин Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришкен.
Эскерте кетсек, УКМК Мотуевге "терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо" жана "улут, диний жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, 2016-жылдын 13-майында кармаган. Бишкектин Свердлов райондук соту ошол эле жылдын август айында аны жети жылга эркинен ажыратып, сентябрдын аягында жатак абагына которулган.