Бүгүн, 2-декабрда Ооганстандын Желалабад шаарында жеке менчик телерадио борборунун имаратынын жанында 3 жолу жардыруу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жардыруудан 3 адам каза болуп, 10дон ашык адам жабыркады. Нангархар провинциясынын губернаторунун өкүлү Атаулла Хогияни билдиргендей, учурда телерадио борборунун имараты жабык. Окуяга күбө болгондор жабыркагандардын арасында милиция кызматкерлери жана күзөтчүлөр бар экенин айтышкан. Азырынча жардырууну кимдер уюштурганы белгисиз.