Кара-Суу районундагы жол кырсыгынан бир адам каза болуп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 2-декабрь күнү түштөн кийин Ош-Кара-Суу жолунда болгон. Анда айдоочу Тойота Королла үлгүсүндөгү унаасы менен жөө бараткан адамды сүзүп, андан соң машина жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1983-жылы туулган А.Х. аттуу жаран каза болуп, дагы эки адам райондук ооруканага жеткирилген.
Учурда жол кырсыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.