Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курамы Монголияны 3:0 эсебинде утуп алды. Оюндун алгачкы бөлүгүндө Кыргыз футболчулары каршылаштарынын дарбазасына бир гол киргизишсе, оюндун экинчи бөлүгүндө дагы эки гол киргизишкен.
Айта кетсек, Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курамы Индонезиядагы "Tsunami Cup-2017" мелдешине катышып жатат. Мелдеш 9-декабрга чейин уланат. Анын алкагында Кыргыз футболчулары Монголия, Бруней жана Индонезиянын курама командалары менен беттешет. Оюндар олимпиадалык мелдештердин эрежеси боюнча өтөт. Анда курама командадагы 3 оюнчудан башкасы 23 жаштан жогору болбоого тийиш.
4-декабрь, 2-тур:
Монголия-Индонезия 17:00;
Кыргыз өлкөсү-Бруней 21:30;
6-декабрь, 3-тур:
Бруней-Монголия 17:00;
Кыргыз өлкөсү-Индонезия 21:30.