Бишкекте аутист балдардын тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтүп жатат. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, "Рука в руке" деп аталган кайрымдуулук сүрөт көргөзмө 3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата уюштурулууда.
Көргөзмөнүн ачылышы кечээ, 2-декабрда өткөн. Аутист балдардын айрымдары такыр сүйлөй алышпайт. Кээ бирлери сүйлөгөнү менен, оюн жакшы түшүндүрүп бере албай калышы мүмкүн. Буга байланыштуу алар үчүн чыгармачылык башкы орунда. Сүрөт көргөзмөнү уюштуруунун максаты - аутист балдардын айтайын деген оюн чагылдырып берүү.
Аутист балдардын ата-энелеринин "Рука в руке" коомдук бирикмеси уюштурган сүрөт көргөзмө 5-декабрга чейин улантылат. Көргөзмөдөн түшкөн каражат аутист балдардын борборун оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө жумшалат. Иш-чара Бишкек шаарындагы "Асанбай борборунда" өтүүдө.