SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйүүбү же эркиндикпи?" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Үй-бүлө курган адамдар бойдок кездеги эркиндигин жоготушат деп коюшат. Мисалы, эркектер үйлөнүү менен башына жүгөн салынса, аялдар жоолук салынып, өздөрүн башка аралга алып барып ташташат экен. Ошол учурда сүйүүнү сактоо менен кантип өз эркиндигиңди дагы сактап калууга болот деп ойлойсуңар?" - деп суроо салган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Үйлөнгөндөн кийин бир аз ары-бери баскандар токтойт, көп түйшүктөр башыңа түшөт. Жубайлар бири-бирин сүйүп үйлөнүшсө, сыйлашса, ортолорунда түшүнүү болсо, эч кандай көйгөй болбойт деп ойлойм".
"Үй-бүлө куруу менен эркин басып-турганың кичине кысымга алынышы мүмкүн, бирок зыянынан пайдасы көп болот деген ойдомун".
"Гармониялуу үй-бүлө түзүү үчүн жубайлардын эркиндиги мааниге ээ. Менимче, үйлөнгөндөн кийин түгөйүңдү таптакыр "менчиктештирип" алуудан сак болуш керек. Анын баш кошууга чейинки кээ бир кызыкчылыктары, адат-максаттары сакталып калышы зарыл. Антпесе "Кыздардын баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат" деген сыяктуу түшүнбөстүктөргө алып келиши мүмкүн".
"Турмуш жолуна кадам таштагандан кийин түйшүк башка түшөт, анын артынан эркиндигиңден ажырап каласың".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.