Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун боюндагы 3 контейнер, 1 дүкөн өрттөнүп 1 адам жабыркады. Мындай маалыматты бүгүн, 3-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, өрт тууралуу маалымат кечээ, 2-декабрда саат 16:15тер чамасында келип түшкөн.
"Бишкек-Ош унаа жолунун 396-чакырымында жайгашкан жолдун боюндагы дүкөн жана 3 контейнер күйүп кеткен. Контейнерлердин бири ашкана болгон. Тилсиз жоодон 51 жаштагы аялдын денесинин 60-70 пайызы күйүккө чалдыгып, ооруканага жаткырылды. Өрттү өчүрүү үчүн 3 өрт бөлүмү тартылган. Өрт саат 16:50дө чектөөгө алынып, 19:17де толук өчүрүлгөн", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.