Ош шаарындагы мектептерде жана бала бакчаларда 4-декабрдан тартып Манас жумалыгы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул иш-чара 4-декабрь – Манас күнүнө карата уюштурулуп жатат.
Бул жумалыктын алкагында бала бакчаларда тарбияланып жаткан балдар арасында "Манас" эпосунан үзүндү айтуу, "Манас - балдардын көзү менен" аттуу сүрөт тартуу сынактары жарыяланып жана ал сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулат.
Ал эми мектептерде бул иш-чаранын алкагында манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгы жыйынтыкталып, манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгын утурлай көргөзмөлөр, талкуулар уюштурулат.
Эске сала кетсек, 2015-жылдын 27-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен "4-декабрь - "Манас" эпосунун күнү" деп жарыяланган.