Бүгүн депутат Алмамбет Шыкмаматовго өкүм чыгышы мүмкүн

Бүгүн, 4-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттук отурумда жарыш сөздөр айтылат. Шыкмаматовго өкүм чыгышы мүмкүн.

Эске салсак, 1-декабрда Шыкмаматовдун иши каралмак. Анын ооруп жатканына байланыштуу соттук отурум бүгүнкүгө жылдырылган. Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Учурда ишти райондук сот карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asel1Aikol
2017-12-04 08:40:16
Бизде мамлекеттик кызматта иштегендердин үстүнөн кылмыш иши козголду дегенче эле ден соолугу начарлап кетет!Соттук териштирүү иштери жүрүп жатат дегенче эле дагы ден соолугу начарлап кетет!Соттун чечими мына чыгат дегенче эле ден соолугу дагы начарлап кетет!Мындай айтканда креслого келээрде сизге ийгилик каалайбыз сиз ушул жумушка орноштунуз дегенде ден соолуктары начарлабай эле сопсонун болуп келишет!Кедээ туруп ойлоносун бизде ак үйдө бүт ден соолугу чың эмес кызматкерлер иштейби деп
+1
Nurmat92
2017-12-04 09:29:42
Asel1Aikol,ха ха ха жыктың такыр. Туура айтасың креслого келерде алардан өткөн ден соолугу зыңк адам жок башына иш түшкөндө алардан өткөн орукчан жок болуп калат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан