Ооганстандын атайын кызматы тарабынан "Талибан" кыймылынын бөлүм башчысы жок кылынды
Ооганстанда "Талибан" радикалдык кыймылынын атайын бөлүмүнүн башчысы өлтүрүлдү. Бул тууралуу Ооган мамлекетинин коопсуздук кызматынын билдирүүсүнө таянып чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, Ооганстандын атайын кызматы аны Гельдманд аймагында террорист-жан кечти жана талибдердин 2 командири менен кошо жок кылган.
"Талибандын" өлтүрүлгөн бөлүм башчысы Мулла Шах Вали. Ал Мулла Насир деген ат менен белгилүү жана "Талибандын" элиталык делген согушкерлер бөлүмүн 3 жыл мурун жетектеп, "Талибан" кыймылы уюштурган бир катар террордук акттарга катышкан.
"Анын бөлүмү "Кызыл отряд" деп аталып, алдынкы курал-жарактар менен камсыздалгандыгы менен өзгөчөлөнөт. Анын курамындагы жоочулар түнкү караңгыда көрө турган көз айнектерди, реактивдүү снаряддарды, Америкада чыгарылган ок атуучу куралдарды пайдаланышат", - деп жазылат маалыматта.