Шыкмаматовдун жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу сот 6-декабрга жылды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу депутат Алмамбет Шыкмаматов менен Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевдин ишин кароону 6-декабрга жылдырды.

Мындай чечим кабыл алууга айыпталуучунун жактоочусу Чынара Жакупбекованын ооруп калып сот отурумуна келбей калгандыгы себеп болду. Соттун бүгүнкү отурумунда айыпталуучу жана мамлекеттик айыптоочу тарап иш боюнча жарыш сөзгө, андан кийин айыпталуучулар акыркы сөзгө чыгышмак жана соттун өкүмүн угушмак.

Эске салсак, Шыкмаматов Эсептөө палатасынын аудитору болуп турган кезде жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда.

Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Учурда ишти райондук сот карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asel1Aikol
2017-12-04 11:08:19
Жабырлануучу тарап деле жактоочулары деле ооруй берсе Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштегендерге иш козгобой эле соттобой деле түз эле ооруканага алып барыш керек экен даа эгерде ден соолугу начар болсо лечения алып толук сакайып чыкканда анан сотко жонотуу керек окшойт
0
Dembele84
2017-12-04 11:15:48
Келе албай калды,башы ооруп кетти,уйун караганы эч ким жок болгону учун келбеди,баласын садикке апкетти ошон учун жылдырылды деп эле журо бересинерби ыя?
+2
izdeim.seni
2017-12-04 18:02:53
Неге муну да сот айбек эрнис уулу карап жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан