Депутат Өзбекстандын колдоосу менен салына турган мектептин курулушунун сапатына көңүл буруу керектигин айтты

Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде Ош шаарына мектеп куруу тууралуу Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын ортосундагы түзүлгөн келишим каралып жатат.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Ош шаарына Өзбекстандын колдоосу менен мектеп курула турганын айтты. “630 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин имараты курулат. Курулуш иштерин Өзбекстандын курулуш компаниялары жүргүзүп, материалдардын басымдуу бөлүгү аталган өлкөдөн келет. Учурда экинчи кабаттын дубалы тургузулуп, курулуш иши кийинки окуу жылга карата бүтөрү пландалууда. Билим берүү кыргыз тилинде жүргүзүлөт”, - деди министр.

КСДП фракциясынан депутат Улан Примов мектептин курулушунун сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты. “Мектептин курулушу сапаттуу болот деп министр катары кепилдик бере аласызбы?” - деп депутат министрге кайрылды.

Кудайбердиева курулуш иштерин Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгы көзөмөлдөп жатканын айтты.

Жыйынтыгында депутаттар бул келишимди колдошту.

Жаңы мектептин имараты учурда кыйроо абалында турган Навои атындагы мектептин ордуна салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан