Бир шаардан экинчи шаарга оң рулдуу такси менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынышы мүмкүн

Транспорт жана жол министрлиги эл аралык, шаарлар аралык каттамдарга жана шаарга жакын аймактарга оң рулдуу унаалар менен коммерциялык максатта жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салганы жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Маалым болгондой, долбоор өкмөттө каралып бүткөн соң парламенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Мындан тышкары министрлик автобус менен жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн айдоочулук тажрыйба 5 жылдан кем эмес болуш керек деген талапты киргизгени жатат. Ошондой эле жеңил автоунаада такси кызматын көрсөтүүгө 3 жылдан кем эмес айдоочулук тажрыйба болуу кажет деген талап демилгеленүүдө.

Транспорт жана жол министрлиги жол кырсыктарынын санын азайтуу үчүн дагы бир долбоорду сунуштоодо. Ага ылайык, бир же бир нече адамдын өлүмүнө алып келген кырсыкка күнөөлүү автобустардын айдоочулары менен келишим бир тараптуу жокко чыгарылмакчы. Маалым болгондой, азыркы мыйзам боюнча келишимди жокко чыгаруунун тартиби белгиленген эмес. Буга байланыштуу айдоочулар жоопкерчиликтен кутулушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
BekAmir
2017-12-04 16:41:57
Туура мен колдойм
+6
kriss120
2017-12-04 16:57:37
Туптуура мыйзам мен колдомокмун.Россиядан бугун келип эртен права алып 3-куну такси кылам деп жургондор толтура
+10
jbolotov
2017-12-04 18:13:24
kriss120,Эн башкысы тартип экенда, он рульбу солбу иши кылып толтура адамы менен +жугу менен тоодон 120 ылдамдыкта тушуп атса кырсык ушундан болуп атат. Ылдамдыкты катуу козомолдогон мыйзамды карасанар бомок.
+5
roland
2017-12-04 17:10:07
Он рульга тыйуу салса миндеген таксисттер кайда бараар экен
+4
maks94.kb
2017-12-04 17:25:50
Колдоймун эртерээк мыйзам күчүнө киргизуу керек
+2
amirrus
2017-12-04 17:48:46
туура чечим колдойбуз
+1
Nibiru.
2017-12-04 18:08:57
Туптуура!!! Башынан эле ушундай кылыш керек болчу. Бирок ушул дагы жакшы кеч болсо да дагы. Жогорудагы талаптардын баары туура! Эми кылчактабай,мылжындабай мыйзамды кабыл алып,кучуно киргизип коюшса,Кудай буюруса жакшы нукка тушот жол кыймылы. Антпесе праваны сатып алып,эптеп бир машине ала коюп,таксовать эткен маймулдар азаят. Калган он рулдуу таксиситер олбойт ачкадан. Башка жумуш кылышсын же машинесин алмаштырышсын.
+1
bakulya2015
2017-12-04 18:32:15
Ушул ишти ишке ашыруу керек чындыгында.
+2
sanchos1
2017-12-04 18:47:16
15.41 де да бир кабар турат. Автобус оодарылып, жаракат алгандар д. Эмне автобус дагы он рул бекен. Жок. Андай кырсыктар он солго карабайт. Эрежени сактап туура айдасан гана кырсыктан оолак болосун. Бирок бул дагы факт эмес. 15 кун мурун москвага жолго чыктык. 3 степ. Хромтау деген жерде билгендер болсо бир аз спуск бар. Жогору жактан тушуп келе жаткан автобус чимирилип кетип арты менен бир уруп алдыда бара жаткан машинаны обочинага ыргытып жиберди. куноолуу Автобус.Он рулдуу машиналарга асылбай
+4
mansur.kg
2017-12-04 19:14:11
Кеп он же сол рулда емес,кеп айдоочунун тажырыйбасында,Азыркы окуу жайлар болгону екижарымай окутушат,ушунча убакыт ичинде кайсы окуучу нени тушуно алат,Союуз убагында кеминде бир жыл окуйт елек,Он рулдуу унааларга тыйуу салса анда миндеген елдин жашоосу емне болот,Карапайым ел такси кылып ептеп уй булосун багып жатса тийишпей еле койгула,неге сол рулдуулар кырсыктап жатса аны неге айтпайсынар.Он рулдуу унааларды неге киргизди анан,Мен буга каршымын.
+1
jbolotov
2017-12-04 21:36:05
mansur.kg, тажырыйбалуумун мен кыйынмын деп Ошко 8 саата жеткирем деп авариялар болуп ататда, ошондуктан катуу айдагандардыозгочо караш керек.
+1
RaHat19
2017-12-04 19:17:07
он рулдуу машиналар пассажирин сол жакка тушурот ошондо чон аварийный ситуатция болуп атпайбы.откондо тупто бир степ жолго токтоп кишисин тушурсо артында келе жаткан мерс сузуп кетти кыз ошол жерден кайтыш болду.степ кете берди мерс камалды.жолдун четине чыгып токтош керек болчу.
+2
mansur.kg
2017-12-04 19:22:02
Егер ойунар ишке ашып кетсе,анда окмот он рулдуу унааларды бир четинен сатып алышына туура келет.Елдин ырыскысы менен тамашалашпагыла.Кыргызстанда 70%он рул бар анча унаага тыйуу салгандын озу душманчылык.Арканды узун таштап,жети олчоп бир кескиле!!!.
0
mansur.kg
2017-12-04 19:30:12
Менин жеке ойум,Ош Бишкек же кайсы алыс жактарга такси кылган айдоочулардын айдоочулук куболугун текшерип,5же 10 жылдык стажы болсо гана трассага киргизуу керек.Егер стажы жетпеген айдоочулар болсо,аларды ошол жерден артка кайтаруу керек.
+1
kenjebek_a
2017-12-04 19:34:57
Оздорунун бизнесине тийиштуу мыйзам болсо талкуусуз,элден сурабай нетпей эле кабыл алышат.Мисалы буудайга салык жок деп ун чыгарган депутат эксспикерлер.Эми мунун эмнесин талкуулайт.Созсуз эми айына 100киши каза болгонго чейин кутуш керекпи.Шаар аралык эмес шаардын ичинде иштеген он рулдууларды да жок кылыш керек.3000,,5000 долларга машина алган киши байкуш эмес,жолун таап сол рулга алмашат.Мамлекет каттуу туруп мыйзамды кабыл алыш керек.Негизи80 пайыз кыбыласы тескери унаалар куноолуу кырсыка.
0
mansur.kg
2017-12-04 19:43:28
Егер сол рулгаалмашам десе,сен алмашат белен?
0
Takehta
2017-12-04 21:13:28
Он рулду автоуналарды жолго журууго тыйуу салганды токтотсо эле авария болбойт дегенге гошулбаймын.биринчи очирет жолду ондош герек ошондо азайышы мумкун жол кырсыгы.
0
Bek_abad
2017-12-05 02:45:41
Takehta,бизде кырсыктар ямага чалынып болуп атабы? Ошол он рульда кобунчо себепчи болот. Сиз кырсык болгон жерди Гарап Горун эле Гобу он рульдар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан