Биз социалдык тармакта

Талас облусуна башчы болуп аталган дубандын мурдагы губернаторунун бир тууган иниси Марат Мураталиев дайындалды (толукталды)

Марат Мураталиев өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка Сапар Исаков кол койду.

Эске салсак, буга чейин бул кызматты вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев аркалап келген. Марат Мураталиев 1967-жылы 23-июнда Кара-Буура районунун Аманбаев айылында туулган. Марат Мураталиев 1985-1987-жылдары аскер кызматын өтөгөндөн кийин, Фрунзе шаарындагы кооперативдик техникумду бүтүргөн.

- 1992-2007-жылдары жеке ишкер;

- 2007-жылы Талас шаарындагы “Арсенал-Курулуш" компаниясынын директору;

- 2007-2012-жылдары Кара-Буура райондук кеңешинин депутаты;

- 2012-2015-жылдары Талас шаардык кеңешинин депутаты;

- 2016-жылы Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси.

Ал мурдагы Талас облусунун экс-губернатору Байымбет Мураталиевдин бир тууган иниси. Бул кызматта Байымбет Мураталиев 2006-2008-жылдары иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
mamatkerim
2017-12-04 13:19:57
Жогорку билими да жок бекен?
+6
Nanei
2017-12-04 13:23:46
Клрунуп эле турат ,жогор жактан учуп келгени ,парашютисттей болуп. Онолбойт экенбиз,ага инисин кое берсек ушундай кызматтарга. Кооперативный техникумду буткон киши,бир облусту каньип башкарат???
+6
mir777
2017-12-04 15:26:17
Nanei,хаха парашютистти да коруп койгула)
+1
warrior96
2017-12-04 14:24:23
Койгула бунун иштешине козум жетпейт ,Кебетесинен эле корунуп турат ,шоордуу кыргыз элим ай!!!!
+7
ksb
2017-12-04 16:00:12
Акчанын күчү менен келген "азамат"экени билинип эле турбайбы..Берчү жерге пулду олчойтуп берип туруп келди да,эми аны жүз эселеп кайра кайтарыш үчүн жан алы калбай "иштейт" буйруса
+3
jasgul
2017-12-04 16:03:49
тузугуроок тушкон суротун койсо болмок. Шайлоо компанияларында иштегендер депутаттардын кемчиликтерин жашыра турган абалда суротко тушурушот. Жасантып, тиштерин агартып, атайын стилистер менен иштешет. А бул байкенерди коорпоративдик техникумду буткон абалында эле коюп койсо парашютистке окшойт да анан.
0
engel
2017-12-04 17:18:47
Мошенничество менен айыпталган дейт го мурда. Чынбы калппы ким билет.
+2
Taalaibek.
2017-12-04 21:35:17
Кайра эле бир тууганын коюуп койгонго болобу? Накта коррупция го!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан