"Кичинекей баласын тепкен кишинин көп жинденгенин көрөбүз" деп бүгүн, 4-декабрда SUPER.KG порталына Бишкектеги Улан кичи районунун тургундары, кылмышка шектүүнүн кошуналары билдиришти.
Алардын айтымында, ал киши жашаган батиринен кээде кичинекей баланын ыйлаганы угулуп турат. "Буга чейин бир жолу ошол кичинекей баланы апасы менен көргөнбүз. Апасы аны селкинчекке отургузганда бала апасынан корккондонбу мумияга окшоп жылбай отурган. Анан апасы аны үйгө алып кете баштаганда, бала көнбөй койгон", - деп эстешет кошуналар.
"Биз эмнеге атасы "бейбаштык" боюнча айыпталганына таң калып жатабыз. Ал киши дубалга граффити тартпаса же айнек сындырбаса. Ал жаш баланы тепкилеп жатпайбы", - дешет алар.
Эске салсак, 2-декабрда интернетке эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган. Ал киши интернетке тараган видео монтаждалган деп күнөөсүн моюнуна албай жатат.
Мындан тышкары наристени жолдо жаткан кезинде тепкен адам Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары кызматында иштегендиги маалымдалган. Окуядан соң Мамлекеттик каттоо кызматы аны кызматтан кетире тургандыгын билдирген.