Бүгүн, 4-декабрда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун апасы Музфира Өмүркулова каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фракциянын катчылыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өмүркуловдун апасы оорудан улам көз жумду. Ал 85 жашта болчу. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-декабрда саат 11:00дөр чамасында Аламүдүн районунун Горная Маевка айылында болот.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Музфира Өмүркулованын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.