Мурдагы муфтий Чубак Жалилов бүгүн, 4-декабрда саат 14:00гө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Акин Токталиев социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.
Эске салсак, буга чейин анын жактоочусу Чубак Жалилов 30-ноябрда Казакстанга дарыланууга бара жаткан жеринен чек арада ага издөө жарыяланганын айтып, үйүнө кайтарышканын билдирген. Кийин Бишкек шаардык милициясы диний ишмерди Ысык-Көлдө ден соолугун чыңдап жүргөн жеринен кармап келишкен. 2-декабрда Бишкек ШИИББинде Чубак Жалилов 6 саат сурак берип, сурактын жүрүшү бийлик өкүлдөрүнө көрсөтүлөт деп баштан аяк видеого тартылганы маалымдалган.
Жалилов элден келген суроолорго жооп берип жатып, экинчи аял алганын айткан.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.