Бүгүн, 4-декабрда эртең мененки саат 8:30да Баткенде кичи автобус жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова кабарлады.
Маалыматка ылайык, кичи автобус Кадамжай районундагы Айдаркен шаарчасынан Ош шаарына баратып, райондогу Учкун айылынын тушунан оодарылып кеткен. Кырсыктан 6 жүргүнчү жаракат алган. Алар райондогу аймактык ооруканага кайрылышкан. Аталган факты боюнча тиешелүү материалдар жыйналып, экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.