Кечээ, 3-декабрь күнү Түркиянын Бурса шаарына караштуу Нилуфер аймагында 27 жаштагы Кыргыз кыз көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 3-кабатынан кулап каза болгонун түркиялык ЖМКлар жазышууда.
Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты Стамбулдагы башкы консулдук тактап жатканын бүгүн, 4-декабрда кабарлады.
"Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон кыз Кыргыз жараны. Тышкы иштер министрлиги кошумча, такталган маалымат алганда коомчулукка кабарлайт", - деп билдиришти министрликтен.