СУПЕРСТАН: "Жигитим менден материалдык жактан эмес, акылы жагынан бир тепкич өйдө болушун каалайм"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жигиттин материалдык байлык жактан кыздан өйдө болуусу маанилүүбү?" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Жакында менин бир тууган эжем турмушка чыгат. Чынында болочок жездебиздин жашоо-турмушу биздикине караганда бир топ ылдый экен. Бирок жашоону түшүнгөн жана тырышчаак жигит. Байкуш жездем биздин үйгө келсе эле өзүн ыңгайсыз сезмей адаты бар. Негизи көп угам, "жигит байлык жактан кызга караганда бир тепкич өйдө болгону жакшы" деп. Байлыктын мааниси кайын журтка кандай роль ойнойт?" деген суроосун калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жигиттин абалы өзүн гана эмес, аялын дагы кошо багууга жарай турган болуш керек. Аял алгандан кийин жедирип, ичирип, кийинтип кыскасы жакшы кароо керек. Албетте, антип багып кете алышына кайын тарап көзү жетпесе баш тартышат. Бирок түшүнүү болсо байлык маанисиз".

"Байлык маанилүү эмес деп ойлойм. Эгерде кыз жигитине "сен бай эмессиң" деп айтса, анда иш башка. Бай болбосо эмне экен, ал адам бай болбосо да ортодон жогору болгонго аракет жасайт, ким билет, мүмкүн бай болуп кетер. Эгерде жигит иштебей, жалкоо болсо анда мындай жигиттерди кедейсиң деп ачык эле айта берсе болот. Ата-эне кызына бай жигитти ыраа көрөт, анын бактылуу болушун каалайт, бирок бакыт байлык менен чектелбейт. Кеп ошол кыз ошол баланы сүйгөндүгүндө".

"Байлык колдун кири, бүгүн бар, эртең жок. Кыз болобу, жигитпи, байлыкты эмес бакытты көздөп баш кошуу керек. Бир тааныш эжем: "Союз учурунда облустагы эң алдынкы байлардын катарына кирчүбүз. Жигитим менен баш кошушума ата-энем каршы болгон, себеби ал жөнөкөй үй-бүлөдөн болчу. Ошентсе дагы качып жигитиме турмушка чыккам. Ата-энем, бир туугандарым кедей жер деп артымдан келбей, катташпай коюшту. Кийин арадан бир нече жылдар өтүп тиги кедейлер чириген бай болушту, азыр эми баары урматтап алаканына салышат", - деп айтып берди эле. Байлыкты алдынкы орунга коюштун кажети жок. Эртеңки күн ким жакка нурун чачарын Алладан башка эч ким билбейт".

"Окуучу кезде апам бирөөлөр менен кимдир-бирөөнү "анча эмес экен, начар жер экен" деп үйүндөгү көрпөчө-төшөктөрүнүн жупунулугун кеп кылып жатканын угуп капа болгон элем. Бара-бара чоңойгон сайын мунун чындык экенин аңдап калдым. Ал эле эмес, өзүм дагы болочоктогу жолдошум бир кесиптин ээси болсо экен дейм. Билим - чоң байлык го. Мен материалдык жагынан эмес, акылы жагынан менден бир тепкич өйдөрөөк болушун каалайм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sarywka2017
2017-12-04 22:10:52
Менин куйоом баардык жагынан менден бир тепкич ойдо болсо экен деймин. Албетте байлык да керек. Эч нерсеге акча жетпей жатса суйуунун "с" тамгасы кайда калганын билбей каласын. Баардыгы жокчулуктун айынан уруш чыгат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан