Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде биринчи вице-премьер-министр кызматына Аскарбек Шадиевдин талапкерлиги каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Аскарбек Шадиевдин талапкерлиги менен депутаттарды премьер-министр Сапар Исаков тааныштырат.
Белгилей кетсек, буга чейин Шадиев ага вице-премьер-министрлик кызматы сунушталганын SUPER.KG`ге билдирген. Ал кызматка барууга макул болгонун жана бул маселе Конституцияга өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин карала турганын айткан.
Учурда "Бир Бол" фракциясынан депутат Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы.