Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин бир тууган агасы көз жумду. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева жазды.
Белгилүү болгондой, каза болгон Тариел Акаев Алай районунун Каблан-Көл айылында жашачу. Азырынча өлүмүнүн себеби айтыла элек.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Тариел Акаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.