Бишкек шаарындагы "Асанбай борборунда" аутист балдардын тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтүп жатат. Ал балдардын айрымдары сүйлөй алышпайт, кээ бирлери сүйлөгөнү менен оюн толук жеткире албай кыйналат. Аталган иш-чара алардын айтайын деген оюн сүрөттөр аркылуу чагылдыруу максатын көздөйт. Анда аутист балдар тарткан 80ге жакын сүрөттөр көрсөтүлүүдө.
Көргөзмөнү аутист балдардын ата-энелеринин "Рука в Руке" деп аталган коомдук бирикмеси уюштурууда. Анын директору Галия Гаас балдардын тарткан сүрөттөрү тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
"Бардык сүрөттөрдү 5 жаштан 18 жашка чейинки аутист 15 бала тарткан. Балдар кичинекей кезинен баштап сүрөт тартканды жакшы көрүшөт, алар оюн толук жеткире албагандыктан чыгармачылык менен алектенүүнү жактырышат. Мисалга келтирсек, Рабига аттуу кыз жаныбарлардын сүрөтүн тарткандан тажабайт. Анын сүрөттөрүнөн акыралардын ар башка эмоцияларын көрсө болот. Кээде бир эле сүрөттө көп акыраларды тартып, алардын баарына бири-бирине окшобогон эмоция берет", - дейт Галия Гаас.
Ал белгилегендей, бул кайрымдуулук көргөзмөсү. Сүрөттөрдөн түшкөн каражаттарга аутист балдардын борборунун бөлмөлөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
Бул иш-аракеттерге салым кошууну каалагандарды уюштуруучулар көргөзмөгө келип, балдардын жан дүйнөсү менен таанышып, сүрөт сатып алып кетүүгө чакырат.
Аутизм - бул баш мээнин өсүшүнүн бузулушунан келип чыккан оору. Көбүнчө 1,5-3 жаштар аралыгында пайда болот. Аутисттер башында өзү теңдүү балдардан эч кандай айырмаланышпайт. Убагында басып, убагында сүйлөшөт. Ата-эне мээримин сезишет, аларга эркелеп күлөт, жылмаят, балдар менен чогуу ойнойт. Анан канча бир убакыттан кийин жүрүм-туруму, мүнөзү, чөйрөгө болгон мамилеси мурункудан тескери жакка өзгөрүлүп кетет. Башкача айтканда, акыл өсүшү начарлап, сөз байлыгы азаят. Ал тургай билген сөздөрүн кошуп айта албай калганга жетет.