Бүгүн, 5-декабрда Бишкекте чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттардын өлкөнүн экономикасына кошуп жаткан салымы боюнча маселе талкууланууда. Иш-чарага Кыргыз мамлекетинин Мамлекеттик миграция кызматынын, Эл аралык эмгек уюмунун жана Европа комиссиясынын өкүлдөрү катышып, алар "Иммигранттардын Кыргыз мамлекетинин экономикасына кошкон салымы" деген темада баяндама жасашууда.
Миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов баяндамасында ушул жылдын 9 айында эле чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар тарабынан өлкөгө 1 миллиард 840 миллион доллар акча которулганын айтты. Бул сумма өткөн жылдын 9 айына которулган акчадан 25 пайызга көп.
Учурда Эл аралык эмгек уюмунун жана Европа комиссиясынын өкүлдөрү да баяндама жасап, алар Кыргыз жеринде иштеп жаткан чет өлкөлүктөрдүн өлкө экономикасына кошкон салымын талкуулашууда.