Өлкөдөгү аэропортторду инвестициялоого кызыкдар компаниялар менен мүмкүн болгон кызматташтык боюнча өкмөттүн аппараты төмөнкү маалыматтарды берди.
Жогорку Кеңештин 29-ноябрындагы отурумунда депутат Дамирбек Асылбек уулу: "Эл аралык деңгээлге чыгыш үчүн «Манас», «Ош» жана «Каракол» аэропортторун өнүктүрүү боюнча кандай долбоорлор бар. Бүгүнкү күндө чет жакка чыгыш үчүн эки багыт -– «Түрк аба каттамдары» жана «Аэрофлот» бар. Мамлекеттик жеке өнөктөштүк же инвестициялык ижара боюнча пландар барбы?" - деген суроону узатты.
Ага премьер-министр Сапар Исаков төмөндөгүчө жооп берди:
"Кыргыз Республикасы географиялык жактан туюк жайгашкан өлкө болуп эсептелет, анткени бизди тоолор курчап турат. Буга байланыштуу бизде чет жакка чыгууда эки гана жол бар: аба жана жол каттамдары. Андыктан бизге бул тармакты өнүктүрүү керек, башка альтернатива жок.
Кыргыз жарандарында кайсы компания менен кайда учуу боюнча тандоосу болушу керек. Учурда биз башка өлкөлөргө Москва же Стамбул аркылуу учабыз, анткени бизде башка тандоо жок. Кайсы бир өлкөлөргө Алматы аркылуу учабыз. Менин пикиримде, бул туура эмес.
Биз өзүбүздүн саясатыбызды кайра карап чыгышыбыз керек. Биз аэропортторубузду өз күчүбүз менен өнүктүрө албайбыз, биз реалист болушубуз керек. Аэропорттун өзүнүн 4 жылдык программасы бар. Бул программанын негизинде алынган каражаттар аэропортту өнүктүрүүгө жумшалат. Ооба, туура, алар инфраструктуралык жагын жакшыртып, эскалаторлорду оңдоп, унаа токтотуучу жайларды курушат. Элдерге ыңгайлуу болушу үчүн чек ара пункттарын көбөйтүп жатышат. Бирок реформа анда эмес да. Реформадагы негизги нерсе – ошол ири компаниялардын артында чоң авиакомпаниялардын турганы. Эгерде Кыргызстанга чоң компаниялар келбесе, бизге чоң авиакомпаниялар келбейт. Муну ачык айтыш керек.
Учурда көптөгөн чоң компаниялар Кыргыз өлкөсүнө кызыгып жатышат. Алардын арасында "TAV Airports Holding" компаниясы бар. Биз алар менен сөзсүз сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Бирок муну сиздер, депутаттар чечесиздер. Бул суроо бышып жетилди, биз сиздерге концессияга берүү керекпи же жокпу деген суроо менен келебиз. Ошондо сиздер ооба же жок деп чечишиңер керек. Ошондо биз бул жол менен кетүүгө даяр болобуз", - деди премьер-министр.
Ушул эле тема боюнча депутат Таабалды Тиллаев тарабынан суроо берилди: “Аэропортторду жана учактарды модернизациялоо боюнча жумуштарды активдештирүүңөр керек. Силер айтып жаткан "TAV Airports Holding" компаниясы буга чейин Кыргыз Республикасына бир нече жолу келген, бирок ички рынокко кире алган эмес. Силер бул суроону изилдөөдө өлкөнүн пайдасы үчүн абдан дыкат карашыңыздар керек. Мына америкалык базаны чыгарып жатканда аэропорт чоң чыгашаларга учурайт деп айттык эле. Бирок акыркы жетекчилер 2 миллиард сомдун тегерегинде киреше алышты. Биз аэропортторду өзүбүз өнүктүрөбүзбү же инвесторлор келеби, кандай болгон күндө дагы сак болушубуз керек”, - деди Тиллаев.
Депутаттын суроосуна жооп берип жатып, Сапар Исаков төмөндөгүнү айтты: “Аэропортторду айта турган болсок, биз бул суроону терең изилдеп чыгышыбыз керек. "TAV Airports Holding" компаниясы болобу же башка компания келеби, биз бул кадамга улуттук кызыкчылыгыбызга жана бүтүндөй өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берсе гана барабыз. Бирок бул кадамга барар алдында биз дагы сиздердин алдыңыздарга макулдашууга келебиз, ансыз болбойт, мыйзам ушундай. Бүгүнкү күндө чечим кабыл алына элек, азырынча сүйлөшүүлөр гана жүрүп жатат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы натыйжалуу болгондо гана биз кийинки кадамды жасоого даяр болобуз”, - деп жооп берди Исаков.