Сооронбай Жээнбеков башкы прокурорду кабыл алды

Бүгүн, 5-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда өлкөдө мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жасалып жаткан иш-аракеттер талкууланды.

Индира Жолдубаева президентке прокуратура коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кайсы негизги багыттарга иш алып барып жатканын айтып берди.

Президент коомчулук тарабынан укук коргоо, күч жана сот органдарындагы коррупция боюнча арыздар түшүп жатканын белгиледи. "Прокуратура мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупция менен үзгүлтүксүз жана аёосуз күрөшүүнү жүргүзүш керек, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сакташ керек", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан