Депутаттар өздөрүнө кызматтык унааларды кайтарганы жатышат

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев депутаттарга кызматтык автоунааларды кайтаруу маселесин көтөрдү.

"Азыр депутаттардын техникалык мүмкүнчүлүгү жок. Жалгыз катчысы менен отурат. Эки жакка деле чыга албай жатабыз. Унаа да жок. Биз азыр элге керектүү 5 тыйынды үнөмдөйбүз деп алып эле элге пайдасы тие турган көп акчалардан кур калып жатабыз. Ошондуктан мен депутаттык артыкчылыктарды кайра кайтаруунун үстүнөн иштеп чыгууну сунуштайт элем", - деди Артыкбаев.

Ал эми "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова депутаттык артыкчылыктарды кайтаруунун зарылчылыгы жоктугун айтты.

"Ар бир фракцияда катчылыктар бар. Ал жерде 15ке жакын кызматкер иштейт. Депутат зарыл болгондо өз фракциясынын катчылыгындагы эксперттер менен иштешсе болот. Унаа боюнча, менин билишимче, 120 депутаттын ичинен 6 эл өкүлүнүн унаасы жок. Эки жылдан бери артыкчылыгы жок эле иштеп жатабыз. Биз эч кандай муктаждык сезген жокпуз", - деди Өмүрбекова.

Ал эми комитет төрагасы Канат Керезбеков бул боюнча жумушчу топ маселенин зарылдыгын, Артыкбаевдин сунушун карап, изилдеп чыга турганын айтты.

Эске салсак, 2015-жылдын 25-ноябрында Жогорку Кеңеш кызматтык автоунаадан баш тартуу чечимин кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Tolkun555
2017-12-05 13:02:09
Ошол алып жаткан маянага ылайык иштеп жатам деп ойлойсунарбы.сессияга 20%эле келесинер.уят барбы силерде.
+19
Adi.Avazbekov
2017-12-05 22:48:25
Tolkun555,унаалары жок келе албай жатышса керекда. Коомдук унаага тушкондон уялышат.
0
luuntik
2017-12-05 13:06:46
иий тим эле 5 тыйын деп Артыкбаевдин суйлогонун кара, ошо 5 тыйын башкалар учун акча, 120 депутат 5 тыйындан уномдосо мамлекетке канча пайда тушуп атат, силердин 5 тыйын дегенинер канча мин сом болсо керек жинге гана тийет да ушуга окшогон мадыра баштар
+12
Aiman0303
2017-12-05 13:08:22
XXXX bashka soz jok
0
nurbekasr
2017-12-05 13:21:08
Оо жаниңарди жегирлер десе,эки жака чыгалбай калдык деп байкуш болушат.Кызматтык машине бар убагында эк жака чыгып жаттыңар беле.Кызматтык машине менен только кафе ресторанга чыгып жаттыңар го.Жок дегенде үйүңөрдө менчик бир автооуна кантип болбосун чыккыла ошол менен эки жакка.Таксиге түшкүлө эл катары жеткирет таксикаалаган жакка.Жалаң депутаттар топтолуп алып бир степке түшсөңөр жакшы болот эле.Ушундай өлүм саңги сөзүңөрдөн жададык.
+12
MUHLISA
2017-12-05 13:29:07
Булар өздөрүнө калган да укмуш иштеп,тыйынынан бери эсептеп, өкмөттөн өндүрүп бөлүп алышатго .
120депутаттын 60 депутаты эле жетет эле.Тиги койкоңдоп сулууланып олтурган депутат айымдардын кереги деле жок эле.
-1
jbolotov
2017-12-05 13:29:41
Жалан депутаттар Степке чынып алып Ошко барышса жакшы болмок, айдоочу кандай катуу айдап кырсыктар кайдан чыгып атканын корушмок.
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-05 13:37:50
Куйуп кеттим
+2
din_tomas
2017-12-05 14:01:13
Артыкбаевдин күнү өкмөттүн машинасына түшүп калса анда сөз жок, бир эле "Неман" аптекасынан күнүнө миллиондор түшөт
+6
Isco23
2017-12-05 14:04:08
Молодец Омурбекова. Эй Осмонбек ты что **** же унуттунбу шайлоону
+4
Kg.arts.
2017-12-05 14:50:41
Озу Артыкбаев, Артыковдордон эч нерсе артбайт экен да.
+2
Jigit80
2017-12-05 15:21:55
бутун кыргыз эли билип турат ушул 120 депутат кыргызстан учун коптук кылаарын. Бирок бир адам маселе которуп чыкпайт кескин кыскартыш керек деп.
+1
Arlenchik
2017-12-05 18:40:22
Депутат айым туура айтыптыр молодец, Артыкбаевге соз жок экен аптекаларынан миллиондо тушуп атат анан мамлекеттин кызматтык унаасына муктаж болуп калган тура, ачкоздуктун да чеги болуш керек, ушуга окшогон депутаттардын бизге эмне кереги бар!
+1
Dinakg
2017-12-05 21:01:40
Прочий расходторго деп айына 40 000 сом болунот ар бир депутатка.Уятынар барбы жарытарлык иштеген ишинер жок,отуруп алып ооз коптуруп суйлошту эле билесинер.80% бизнесмендер отурасынар бизнестеринерге эч ким тийбесин деп коргоп,элге бир пайданар тийбейт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан