Кадамжай райондук милициясы 13 жыл издөөдө жүргөн оор кылмышка шектүү жаранды кармады

Кадамжай райондук милициясы оор кылмышка шектелип, 13 жыл издөөдө жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2003-жылы И.Т. аттуу жаран Д.Г. аттуу жаран менен уруша кетишкен. Алардын чыры оозеки урушуу менен токтобой, И.Т. ал менен чырдашкан Д.Г.ны сабаган. Д.Г. алган жаракатынан улам оор абалда Айдаркендеги аймактык ооруканага жаткырылган. Мунун кесепети Д.Г.нын ден соолугуна залал келтирген.

"Бул факт боюнча Кадамжай РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (адамдын саламаттыгына атайлап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле ошол кезде 23 жаштагы И.Т.ны кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Опер кызматкерлери анын болжолдуу жүргөн жерлерин аныктап текшерип көрүшкөнү менен натыйжа болгон эмес. Анткени кылмышка шектелип издөөгө алынган жаран бул жылдар аралыгында Орусия жана Казакстандын аймагында жүргөндүгү аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, 13 жылдан бери издөөдө жүргөн И.Т. ушул жылдын 29-ноябрында Кадамжай райондук милициясы тарабынан Бишкек шаарынын аймагынан кармалган. 23 жашында издөөгө алынган шектүү 36 жашында кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
sarbo
2017-12-05 13:41:33
ким болду экен,
0
kani-esen
2017-12-05 13:42:47
И.Т экен
+15
pyeon hwa
2017-12-05 14:12:32
kani-esen,XXXX окшойт
+2
Karban86
2017-12-05 13:44:07
Оор кылмыш дейби
+2
Ermekbai
2017-12-05 13:51:19
Жакшы эле жашынып жүргөн экенго..... кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей 13 жылда кармалыптырда. Күнөөсү болсо жазасын алсын эртеби кечби.
0
gute
2017-12-05 13:58:50
Кыныр иш Кырк жылда билинет
0
beka1207
2017-12-05 15:05:08
Озгочо оор кылмыш дейби?
Сабап уруп койгон оор кылмышка кирерин билбепмин
+4
Ayida
2017-12-05 16:09:41
beka1207,Тооба ошону айтсан.Ошол сабалган адам кызыкта болбосо эркек адам арасында боло берет андай уруш
0
amirrus
2017-12-05 16:09:23
13жыл акчасын алып издеген эмесбиз быйыл рассчет калбады эле кармадык акчасын берсе И.Т.ны кое беребиз таяк жеген тосмо арызын берди деп.десенер
+1
islamik
2017-12-05 16:55:23
Дагы 2 3жыл издетбептир да
0
Burkut87
2017-12-05 22:45:08
Бул анегдот болдубу
0
Adi.Avazbekov
2017-12-05 22:45:50
Издоо иши канча бир убакка жеткенде бирок табылбаса иш жабылыш керек элего. Же омур бою издоодо боло береби.
0
Nibiru.
2017-12-06 00:38:47
Adi.Avazbekov,омур бою издоодо болбойт. Женил кылмыштарга беш жылга чейин издоо мооноту эскирбейт. Ал эми жогорудагы окуя боюнча айтсак,ал оор кылмышка кирбейт. Статья 104 болгону менен кимдир бироо,башка бироону сабак салса,бейбаштык боюнча козголуш керек иш. 104 деген берене адам омуруно кол салуу болуп эсептелет. Бирок биздин чала сабат тергоочулор,прокурорлор каалаган статьясын кое беришет. Алар учун статья канчалык оор койсо,андан акчаны ошончолок коп талап кылышат.
+1
portugalia
2017-12-06 13:05:31
Катуу сабап майып кылып койсо жооп берет да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан