Ош шаарында баш аламан туруп алган шаар аралык каттамдар автобекетке жылдырылып жатканын мэриянын маалымат кызматынан 5-декабрда кабарлашты. Бул аракет шаардын көчөлөрүндөгү унаа тыгынды жоюу максатында жүргүзүлүп жатат.
"Баш аламан туруп алган автобустар жана таксилер Түштүк автобекетине жылдырылып, тартипке келтирилип жатат. Бул аракет белгиленген иш-пландын негизинде Ош шаарынын мэриясынын тийиштүү бөлүмдөрү, жол кайгуул кызматтары тарабынан жүргүзүлүп жатат", - деп билдирди мэриядан.