Жогорку Кеңештин комитети эреже бузган айдоочуларды эркинен ажырата турган мыйзамды үчүнчү окууда жактырды

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынынын жол кырсыктарын азайтууга багытталган мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты. Мыйзам Дастан Бекешев тарабынан сунушталган. Анда айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү нормалары сунушталууда.

Мыйзам долбооруна ылайык, айдоочу жабырлануучунун ден соолугуна анча оор эмес зыян келтирсе, 3 жылга чейин автоунаа башкаруу укугунан ажыратылып, 3 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эгерде автокырсык жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе 3 жыл айдоочулук укугунан ажыратуу менен 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эгер бир нече адам каза болсо 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралат.

Ал эми айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылса, 3 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөөгө тыюу салуу же айыпка жыгуу, же иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 5 жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат.

Жогорку Кеңештин комитети эреже бузган айдоочуларды эркинен ажырата турган мыйзамды үчүнчү окууда жактырды. Эми мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында үчүнчү окууда каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-05 15:07:45
Аз 3.... 5 жыл 10 х 20 жыл керек бул жерде адам олуп жатат адам айбан эмес.
-9
boris8907
2017-12-05 15:22:02
Bolunbo.kyrgyz,катуу кетпе өз башына түшүп калып жүрбөсүн
+8
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-05 15:38:43
boris8907, 30 жыл
-6
Akjolmaga
2017-12-05 16:44:29
Кудай сактасын!
5 жыл эркинен ажыратып 3 жыл бергени кандай?
Түрмөдөн чыкканча 3 жылы өтөтда жэ отуруп чыккандан кийин 3 жылбы
+2
Shef87
2017-12-05 15:16:05
Правый рульду эмне кылат экен супер кабарлап койгула
-3
amirrus
2017-12-05 16:01:31
коррупцияга жол ачылат ГАИлерге кудай берет экен да.Ичип тушсон ордунда 5мин берсен кеттин ушунун эле кымбатыраак варинанты болот
-2
Mers124
2017-12-05 16:36:41
Гаилер 20 минге чейин сурай баштайт турбайбы. Догурунгандар да көбөйөт. Жазаны күчөткөндү коюп, праваны сатпагылачы. Праваны сатпай эле. Окутуп берсе азаят. Жол эрежесин бузгандарды штрафын алып,кое берип ийбей кайра окууга жөнөткүлө. Правиланы үйрөткөн 3-5 сабакка катышкандан кийин алгыдай кылгыла. Авто мектептерди тартипке салгыла. Элдин баарын түрмөгө тыгалы дейсинерби. Түрмөдөн адам жакшы болуп чыкпайт. Бир жыл отурса да, бир ай отурса да коомго зыяндуу тарбия алып чыгат.
+4
Mers124
2017-12-05 16:43:47
Реформа десе эле штрафты көтөрүштү ойлойсунар. Андан көрө знактарды ондогула. Жол тайгак кезде, тосуп токтотуп, "жол мынча км тайгак абайланыз, ременди тагынып алыныз,ак жол деген гаини көрбөйсүн". Акчадан башканы ойлобогон гаилер.
+6
Karaan
2017-12-05 17:22:05
Mers124,эн тура!!!!
+2
Parish
2017-12-05 17:40:52
Mers124, Туура айттын бизде Чаткалда чума гайишник бар,ал жигули жана башка. ылдыйраак машиналарды гана кармайт,джип мингендер отсо тетири карап калат бошотуш керек мындайларды.
+3
Ulan2601
2017-12-05 19:41:19
Машина айдабай эле койгонубуз он болот го
0
dina
2017-12-05 22:46:44
Коррупциянын 1 булагы
0
admin_superstan
2017-12-06 09:42:28
ilim07, адамдын намысына шек келтирген, маданиятсыз сөздөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан