Ишкерлерди текшериш үчүн прокуратурадан уруксат алууга милдеттендирүү сунушталууда

Ишкерлерди текшериш үчүн прокуратурадан уруксат алууга милдеттендирүү демилгеленди. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында сунушталды.

Демилгечилердин бири депутат Таалайбек Масабиров бул мыйзам ишкерлерди ашыкча текшерүүлөрдөн коргоо максатында иштелип чыкканын айтты.

"Текшерүүчүлөр ишкерлердин айласын кетирүүдө. Эми ишкерлерди текшере турган органдар башкы көзөмөл органынан уруксат алмайын текшере албайт. Эгер мыйзамсыз текшерүү жүрсө, прокуратура аларга карата чара көрөт", - деди Масабиров.

Ошондой эле эл өкүлү бул мыйзам инвесторлор жана ишкерлер үчүн маанилүү экенин айтты. Демилгечилер бул мыйзамга ылайык прокуратура органдары текшерүүлөрдү жүргүзбөй турганын, болгону көзөмөлдөөчү орган катары каларын айтышты.

Комитет төрагасы Мирлан Жээнчороев мыйзам бузган укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каралып жаткан айып акчанын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Демилгечилер айып акчанын баштапкы көлөмүн 10 миң сом деп белгилешти.

Мыйзам долбоору комитет тарабынан биринчи окууда жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aznazalai
2017-12-05 17:29:35
Туура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан